Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Таласта Болот Шерниязов бошотулду


“Азаттыктын” Таласта жүргөн кабарчысы Замира Кожобаеванын маалымдашынча, “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязовду жергиликтүү милиция кызматкерлери бошотту. Б. Шерниязов бүгүн эртең менен Талас шаарына кире бериш жерде кармалган. Талас прокурору Астапа Казиев “Ата Мекендин” төрага орун басары Өтмөк ашуусу аркылуу кирип келатып, биринчи айыл Талды-Булакта элди 7-апрелдеги курултайга үндөй баштаганда эскертүү берүү үчүн кармалганын билдирди. Кыргызстандын Конституциясына ылайык, курултай, митингдин уюштуруучулары иш-аракеттери тууралуу алдын-ала бийликке маалымдама берүүгө тийиш экенин айтты. Облустук милициянын алдында Б. Шерниязовдун бошотулушун талап кылып миңдей эл чогулду. 7-апрелде Таласта да Элдик курултай өткөрүү белгиленген. Бийлик партиясынын өкүлдөрү мыйзам чегинде элдик курултай өткөрүүгө каршылыктары жок экенин буга чейин билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG