Бүгүн түштөн кийин “Ата-Мекен” партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязов Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков менен жолугушуп оппозициянын эртеңки Элдик курулайына байланыштуу маселелерди тактайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Б. Болотбеков тастыктады. Б. Шерниязов бүгүн эртең менен Талас шаарына кире бериш жеринде кармалып кайра түшкө жуук бошотулду. Анын бошотулушун талап кылып облусттук милиция алдына миңге чукул адам чогулду. Азыр булар Талас облусттук администрацияна келип, администрацияны алууга аракет жасашты. Бирок курултайдын жергиликтүү уюштуручулары аларды токтотуп турушат. (EBM)