Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Кыргызстан ЕвраАзЭСтин корунан 160 миллион доллар сурады


Каржы министринин орун басары Эрик Усубалиев бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйында кыргыз өкмөтү ЕвраАзЭСтин Кризиске каршы фондунан жүз алтымыш миллион сурап кайрылганын билдирди. Комитет жыйынында аталган фонддун каражаттарын башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мыйзам долбоор жактырылды. Э. Усубалиевдин айтымында, фонддун негизги түзүүчүлөрү болуп Орусия менен Казакстан эсептелет. Расмий Москва корго 7, 5 миллиард, Астана 1 миллиард, Кыргызстан бир миллион доллар кошмок. Азырынча бул мамлекеттер айтылган сумманын он пайызын бөлүштү. Э. Усубалиев кредит берүү тууралуу сунуш жөнөтүлгөнүн, азырынча жооп келе электигин маалымдады. (EBM)

XS
SM
MD
LG