Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Милиция сөз эркиндиги боюнча акция өткөрүүгө уруксат бербей жатат


Журналист Күнболот Момоконов “Азаттыкка” азыр “Алиби” гезитинин имаратынын алдына тартип коргоо органдары боз үй тиккенге уруксат бербей жатышат. Эгер боз үй тигилсе күч колдонуп жыйнап кетүүнү убада кылышты. Бүгүн “Алибинин” алдында басма сөз эркиндигинин абалын чагылдырган көргөзмө уюштурулары кабарланган. Иш-чараны буга чейин жабылган, же иши тоскоолдуктарга кабылган “Стан-ТВ”, “Назар”, “Ачык саясат” гезиттери жана “Азаттык” үналгысынын күйөрмандары уюштурганы жатышкан. Ички иштер министрлиги азырынча бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG