“Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” Таластагы жана башка жакта көчөгө чыккан элге каршы бийлик күч колдонушу ыктымалдыгын айтып аталган партия АКШнын жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганын билдирди. Анда соңку окуяларда кыргыз бийлиги күч колдонсо расмий Бишкекти жоопкерчиликке чакыруу өтүнүчү айтылган. Бүгүн Таласта эки миңдей адам Талас облустук акимчликке кирип барышты. Аймактагы Ички иштер башкармалыгынын имаратына кирүү аракети жасалганда элди милиция көздөн жаш агызчу, желим октор менен атты. Азыр ИИМдин аймактагы бөлүмүнө экинчи ирээт кирүү аракети жасалганы айтылууда. ИИМдин маалымат кызматы Таластагы облустук акимчилик басып алынган жок, деп билдирди. (EBM)