Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитети укук коргоо органдарына кайрылып, алар мыйзамдуулукту сактоого, укуктук тартипти камсыздоого жана эл үчүн кылууга ант беришкенин айтып, бул антка бекем турууга чакырышты. Азыркы бийлик үй-бүлөлүк башкарууга жо бергени айыпталып, анын таламын талашпай элдин талабын колдоого үндөштү. Тартип коргоо органдарынын жетекчиликтери бул тууралуу комментарий бере элек. Президент Курманбек Бакиев 23-мартта Ынтымак курултайында үй-бүлөлүк башкаруу, тууганчылыкка жол берилбейт, деп билдирген. (EBM)