“Азаттыктын” кабарчысынын малымдашынча, азыр Таласка учак конду. Анда атайын даярдыктагы аскерлер болушу ыктымал экени айтылууда. Кандай үлгүдөгү учак экени, канча адамды алып барганы тактала элек. Ушул маалда Таластагы облустук акимиаттын алдында үч миңдей адам катышкан митинг уланууда. Акцияга чыккандар атайын даярдыктан өткөн тартип аскерлери келгенин угуп тирешүүгө даярдык көрүп жатышканы кабарланууда. (EBM)