Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Таласта бешинчи аскердик тик учак конду


“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, тик учактардан бет капчан, ок өтпөс соот кийген, калкан кармаган аскерлер түшүп жатат. Азырынча алардын санын тактоого мүмкүн болбой жатат. Тик учактар конгон жерде автобустар жана чакан автобустар күтүп турат. Азыр облустук акимиаттын алдында төрт миңдей адам турат. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов Таласта кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынганын билдирди.

ИИМдин маалымат жана коомдук байланыш башкармасы өз кезегинде «Ата мекен» партиясынын жана башка интернет булактардын «Таласка жиберилген үч "кукурузникте" 63 спецназ аскери бар экен» деген маалыматын жалган деп төгүндөп, Таласка коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милициянын кошумча күчтөрүн жиберүү пландаштырылып жатканын гана билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG