Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Ошто кызы уурдалган оппозиция өкүлүнө кылмыш иши козголду


Бул туурасында «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук Саясий Кеңешинин мүчөсү, Бириккен элдик кыймылдын аймактык өкүлү Абдымамет Закиров “Азаттыкка” билдирди. Ал муну саясий буюртма катары баалап жаткандыгын кошумчалады.
Ал эми Ош шаардык милициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Тургунбай Жумабаев маалымдашынча, Абдымамет Закировдун кызын уурдады деп айыпталып жаткандардын бири жабырлануучунун атасы ага карата муш көтөргөндүгүн айтып, чара көрүүнү суранган. Натыйжада оппозиция өкүлүнүн үстүнөн бейбашчылык кылган деген берене боюнча кылмыш иши козголду, бирок айыбы угузала элек.
30-мартта жергиликтүү оппозиция лидерлеринин бири Абдымамет Закировдун 17 жаштагы кызы Чолпонай окуу жайынан чыгып, үйүнө баратканда белгисиз адамдар чачынан сүйрөп, машинага салып, уурдап кетишкен. Бул туурасында анын шериги Ирода ата-энесине кабарлагандан кийин гана кыздын туугандары жана Ош шаардык милициясынын кызматкерлери бейтааныш кишилерге издөө салып, төрт сааттан кийин шаардын чекесинен кармашкан эле.(ATo)

XS
SM
MD
LG