Бул тууралуу 6-апрелде маалымат жыйынында билдирген ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин айтымында, Таласта “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязов элдерди үгүттөп, жаштарды аракка мас кылып баш аламандык уюштурган. Жаалданган эл областык администрациянын имаратын басып алып, губернаторду барымтага алышкан. Тартип коргоо кызматкерлери күч менен губернаторду бошотуп, имараттан элди сүрүп чыгарышып, кырдаал көзөмөлдө, деди министр Конгантиев. Ал ошондой эле мыйзам бузгандарга катуу чара көрүлөрүн, бүгүн өтүүчү Элдик курултай мыйзамсыз экендигин билдирип, курултай өткөрүүгө жол берилбестигин айтып, Таластан жарадар болгондор тууралуу маалымат түшпөгөнүн, элге курал колдонулбаганын белгиледи. Маалыматтарга караганда Таласта Элдик курултай өткөрүүгө келишкен эл менен атайын даярдыктагы отряддын ортосунда жаңжал чыгып, андан кыркка чукул адам жаракат алып ооруканага жаткырылган. (AJ)