Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Максим Бакиев Вашингтонго кетти


Президенттин катчылыгынын маалыматына караганда, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиев 8-апрелде АКШнын Вашингтон шаарында өтө турган II ишкердик форумга катышат. Мындай форум биринчи жолу 2009-жылы сентябрда Вашингтон менен Нью-Йоркто өткөн. Ага эки жүздөн ашуун адам катышып Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышкан. Өлкөнүн инвестициялык кудуретин талдап, соода-сатыкты өнүктүрүү боюнча талкуу жүргөн. Президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси. Ал бул кызматка ушул жылдын башында бекиген. Алгачкы расмий иш сапарын Кытайга жасаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG