Бүгүн таңга маал Москвадан учак менен келген “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевди “Манас” аба майданынан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишти. “Орусиянын учагынан күч менен кармап кетүү башка мамлекеттин чек арасын бузгандыкка барабар. Бул эл аралык келишимдерди бузуу”,-деп билдирди Темир Сариевди тосуп барган укук коргоочу Токтайым Үмөталиева. Укук коргоо органдарынан бул боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Кабарларга караганда учурда Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына оппозиция лидерлери Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Эмил Каптагаев, Иса Өмүркулов, Турат Мадылбеков, Таласта Болот Шерниязов, Ошто Дүйшөн Чотонов менен Анвар Артыков камалышкан. (AJ)