Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Премьер-министр 7-апрелге белгиленген курултайга катышпоого чакырды


6-апрелде өкмөт үйүндө премьер-министр Данияр Үсөнов жана Башкы прокурору Нурлан Турсункулов Талас облусундагы кырдаал боюнча билдирүү жасашты.
Д.Үсөновдун сөзү боюнча ушул жылдын 6-апрелинде деструктивдүү маанайдагы адамдар (болжол менен 500 адам), “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязовдун түздөн-түз жетекчилиги менен Талас шаарынын аймагында административдик имаратты ээлеп алууга жана облусту башкаруунун альтернативдүү органын түзүүгө аракет жасашкан.
Шерниязовдун жетекчилигиндеги топ тарабынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу менен облустук администрациянын имараты басып алынган. Элдик губернатор деп аталган жетекчи дайындалган. Андан сырткары курал-жаракка ээ болуу жана камакка алынган адамдарды бошотуу максатында облустук Ички иштер башкармалыгынын имаратын басып алууга аракеттер көрүлгөн.

Бирок, ички иштер органы тарабынан өз учурунда жана адекваттуу чаралардын натыйжасында Шерниязовдун жана аны жактагандардын деструктивдүү аракетине бөгөт коюлуп, акциянын активдүү катышуучулары кармалган. Милиция тарабынан жагдайды турукташтыруу максатында атайын каражат, атап айтканда көздөн жаш агызуучу газ пайдаланылган.
Азыркы учурда Талас шаарындагы жана Талас облусундагы кырдаал толук боюнча укук коргоо органдары тарабынан контролдонууда.

Д.Үсөнов Талас шаарын кошпогондо республиканын бардык облустарындагы кырдаал туруктуу деп белгиледи. “Бийлик эч кандай деструктивдүү чыгууларга жол бербейт. Кырдаалды дестабилдештирүүгө болгон бардык аракеттерге катуу бөгөт коюлат. Күнөөлүүлөр мыйзамдын талаптарына ылайык эң катаал жазага тартылышат”, - деп айтты Д.Үсөнов.

Ал, ошондой эле кыргызстандыктарды ар кандай провокациялардын азгырына берилбөөгө жана 7-апрелге белгиленген курултай деп аталуучу жыйындарга катышпоого чакырды, анткени андай жыйындарды өткөрүү мыйзамсыз болуп эсептелет.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG