Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Нарында акимчиликке атчандар келди


Саат тогуз жарымда жүздөй адам үн күчөткүч менен «Бакиев кетсин» деп кыйкырышып, акимчиликке келишти. Алардын 20дан ашууну атчандар. Колдорунда «Элдик бийлик орносун» деген жазуу көтөрүп алышкан. Укук коргоо органдары тарабынан эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эл аянтка келген маалда губернатор Алмазбек Акматалиев чыгып келип, оппозиция өкүлдөрүн сүйлөшүүгө чакырды. Бирок Нарын шаарына келген Азимбек Бекназаров 20 мүнөтчө сүйлөшүүгө келген жок. Акыры губернатор ал тарапка барып аянтта тараптардын сүйлөшүүлөр болду. Губернатор Таластагыдай окуянын келип чыгышынын зарылдыгы жоктугун тынчтык жол маселени чечүүгө даяр экендигин билдиришти. Азимбек Бекназаров абалды эл чечерин билдирди. Ошентип митинг саат 11де боло тургандыгы айтылып, тараптар эки жакка бөлүнүп кетишти. (KUs)

XS
SM
MD
LG