Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Сокулукта Темир Сариевдин чукул бошотулушун талап кылышууда


Сокулук районунун борборундагы маданият үйүнүн жанында азыр жети жүздөй адам катышкан элдик курултай өтүп жатат. Анда чогулган эл “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин бир сааттын ичинде бошотулушун, Сокулукка алып келинишин талап кылышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” угармандар кыймылынын лидери Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, эгер талаптары аткарылбаса чогулгандар райондун акимчилигине киришерин, Бишкек кан жолун тосуп, жарымы Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгарын билдирип жатышат. Чогулган элге Сокулуктун акими чыгып элдерди кызуу кандуулукка алдырбоого, Конституцияны сыйлоого чакырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG