Токмокто азыр автобекеттин жанында Элдик курултай өтүп жатат. Ага эки миңге чукул адам катышууда. Кабарчыбыздын маалымдашынча, эки жүздөй милиция көзөмөлдөп турат. Азыр эле атайын даярдыктагы аскерлердин ондон ашык унаалары токтоду. Элдик курултайга чогулгандар камакка алынган саясий лидерлердин бошотулушун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылышууда. Болбосо Токмок шаардык мэрияга барышаарын айтышты. (EBM)