Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Алайда кармалгандарды бошотууну талап кылышууда


Исмаил Исаковду корггоо комитетинин мүчөсү Таалай Зикировдун "Азаттыкка" билдиришинче, учурда Алай райондук акимчилигин алдына чогулган 500дөй адам Элдик курултайды уюштуруу боюнча аткаруу комитетинин райондук өкүлдөрү бошотулушун талап кылышууда. Райондук акимчиликтин аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү бийлик имаратынын жанына чогулгандардын саны жүз чакты экенин, алар азырынча эч кандай талап айта электигин "Азаттыкка" билдиргенин Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаев кабарлады.

Бүгүн эртең менен И. Исаковду коргоо комитетинин жетекчиси Айтбай Жээналиевди, комитеттин мүчөлөрү Курманжан Сапарбаеваны, Ороз Мусаевди, Дилбар Алимованы Алай райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен эле. (SM)

XS
SM
MD
LG