Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Аксы райондук акимчилиги элдин колуна өттү


Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Ырысбай Абдраимов окуя болуп аткан жерден кабарлады. Анын айтымында, Аксы районунун борбору Кербен шаарында митингге чыккан эл акимчиликти басып алып, аким Талан Орозовду арызын жазып кызматтан кетүүгө чакырышкан. Бирок ал арыз жазуудан баш тартып, чогулгандар элдик аким кылып Кадыркул Өмүрбековду шайлап алышкан. Аксы райондук акимчилигине байланышуу мүмкүн болбой жатат. Чогулгандар президент Курманбек Бакиевдин кызматтан тез арада кетишин, өлкөнү уурдагандар кармалуусун жана элге ок аткандар жазаланышын талап кылышууда.

Айта кетсек, Аксы районунда 120 миңден ашуун адам жашайт.

XS
SM
MD
LG