Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Кыргызстандын айрым аймактарына коменданттык саат киргизилди


Президенттин жарлыгы менен бир айга Талас, Нарын, Чүй аймактарында жана Бишкек шаарында кечки саат ондон эртең мененки саат алтыга чейин коменданттык саат киргизилди. Президенттин жарлыгы Жогорку Кеңешке жиберилгендигин “Кабар” агенттиги жазып чыкты. Буга байланыштуу жарандар жанына паспорт же ким экенин тастыктоочу документин ала жүрүш керек. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынан да тастыктады. Исхак Масалиев президенттин коменданттык саат боюнча жарлыгы ЖКга келе электигин, аны депутаттар 24 сааттын ичинде карап, чечип бериши керектигин "Азаттыкка" билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG