АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Таластагы окуяга тынчсыздануусун билдирип, каршылык акциясына чыккандарды да, бийликти да бардык нааразылыктарды мыйзам чегинде чечүүгө чакырат. АКШ элчилиги чечкиндүү түрдө Бириккен Улуттар Уюмунун 6-апрелде жасаган билдирүүсүн колдой тургандыгын айткан. БУУ Кыргызстандагы абалды курчутпоо үчүн тез аранын ичинде диалог баштоону билдирген болчу. (КЕ)