Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Германия АКШнын ядролук жаңы стратегиясын колдоду


Германия АКШ өкмөтү 6-апрелде жарыялаган жаңы ядролук стратегияны жактырды. Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле билдиргенге караганда Вашингтондун чечими эл аралык коомчулукка, анын ичинде Иракка дүйнө коомчулугунун куралсыздандырууга чоң маани бергенин күбөлөйт:

-Көптөгөн өлкөлөр ядролук куралдуу болууга умтулгандыктан, террордук жана кылмыш топтору мындай куралга ээ болуу коркунучу өсүүдө. Ошон үчүн АКШ жакшы кадам жасады десе болот. Ырасында эле, муну мен тарыхый чечим деп эсептейм.

Жаңы стратегияга жараша АКШ ядролук куралдуу колдонууну чектейт. Президент Обаманын сөзүнчө, АКШ ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кошулган ядролук куралы жок өлкөлөргө каршы мындай курал колдонбойт. Бул жобо Түндүк Корея жана Иранга жайылбайт. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Ак Үйдүн стратегиясын пропаганда деп атады.

XS
SM
MD
LG