Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Кубат Оторбаев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды


Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаеванын буйругу менен Кубат Оторбаев Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясына (УТРК) башкы директор болуп дайындалды. УТРКнын эмгек жамаатына жаңы жетекчини бүгүн эртең менен Элдик курултайдын Борбордук Аткаруу Комитетинин мүчөсү Өмүрбек Текебаев тааныштырды. Кубат Оторбаев буга чейин (2005-жылдын 31-мартынан бери) “Азаттык” үналгысынын Бишкек бюросунун ("Азаттык Медиа" институтунун) директору болуп иштеп келди.

XS
SM
MD
LG