Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Ошто элдик губернатор шайланды


Ушул тапта Ош облустук администрациянын алдында 10-15 миңге чукул адам чогулду. Алар убактылуу элдик губернаторлукка мурдагы айыл чарба министри Сооронбай Жээнбековду шайлашты. Каршылык митингисине чыккандар Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратына кирип барган. Чогулгандардын башында СДП фракциясынан депутат, Элдик курултайдын аткаруу комитетинин мүчөсү Асылбек Жээнбеков жана Сооронбай Жээнбеков туруп, талкалоого жол бербей турат. С.Жээнбеков элдин ишеничин аткарган, тууганчыл эмес губернотор болом деп убадасын берди. Ошондой эле А. Жээнбеков Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун акимдери өз каалоору менен кетишкендигин, алардын ордуна эл шайлаган акимдер болгондугун билдирген. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG