Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Убактылуу өкмөттүн жетекчилери аныкталды


Бүгүн убактылуу өкмөттүн иши боюнча анын төрайымы Роза Отунбаева журналисттерге маалымат берип, төрайымдын орун басарлары дайындалганын билдирди. Алар - Алмазбек Атамбаев (жалпы экономикага жооп берет), Темир Сариев ( каржы жана насыя тармагын колго алат), Өмүрбек Текебаев( конституциялык өзгөртүүлөрдү колго алат), Исмаил Исаков (күч органдарын тейлейт), Азимбек Бекназаров ( сот жана прокуратураны көзөмөлдөйт). Ошондой эле Р.Отунбаева утурумдук элдик өкмөттүн иши боюнча декрет кабыл алынганын маалымдады. Ага ылайык, Жогорку Кеңеш таркатылып, анын функциясын утурумдук өкмөт аткарат. Ошондой эле Борбордук шайлоо комитетинин иши дагы токтотулаары, президент алдындагы Секретариат менен Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттик жоюлаары маалым болду. Ал эми башка мамлекеттик органдар мурдагыдай эле иштей берет. Мындан тышкары Р.Отунбаева учурдагы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы баш мыйзам алты айдын аралыгында элдик референдумда кабыл алына турганын билдирди. (AiJu)

XS
SM
MD
LG