Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Ак үй алдында Ж.Бакиев менен Д.Үсөновдун чыгышын талап кылгандар турат


Ушул тапта Ак үй алдына 5 миңдей, Жогорку Кеңештин алдына 300 дөн ашуун адам чогулган. Алар өз алдынча үн күчөткүчтөр менен сүйлөп жүрүшөт. Чогулгандарга убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев чыгып, аларды тынчтандырууга аракет жасады. Бирок алар президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев жана премьер-министр Данияр Үсөновду элдин алдына алып чыкмайынча кетпей тургандарын айтышууда. Бул тууралуу Ак үй алдында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Убактылуу өкмөт азыркы учурда ЖК имаратынын ичинде жыйын өткөрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG