Кабарчыбыздын Ала-Тоо аянтынан маалымдоосуна караганда, азыркы мезгилде өкмөт үйүнөн коюу кара түтүн чыгууда. Өрт өчүргүч унаалар улам кирип чыгууда. Ал эми Ала-Тоо аянтында баш-аламан адамдар митинг уюштуруп, Д.Үсөновду табуу жана жазалоо талаптарын коюуда. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Р.Отунбаева, Э.Каптагаев митингчилер алдына келип, бирок үн күчөткүчтөрдүн жоктугуна байланыштуу сүйлөй алган жок. (AiT)