Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Путин: Кыргызстандагы окуяларга Кремлдин тиешеси жок


Россия премьер-министри Владимир Путин кечээ Смоленск шаарында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы жагдайга Москванын эгерим тиешеси жок экенин айтты:

-Мен бир гана нерсени айта алам: бул окуяларга не Россиянын, не менин, не россиялык ырасмий адамдардын эч кандай катыштыгы жок. Мен үчүн бул окуялар күтүүсүз болду.

Владимир Путин өз сөзүндө Бакиев бийликте турганда Акаевдин жаңылыштыктарын кайталаганын да баса белгиледи:

-Президент Бакиев бийликке келгенде тактыдан четтетилген президент Акаевди үй-бүлөлүк башкаруу, экономикалык жана саясый тармактарды туугандары менен жакын байланыштагы адамдарга башкартып алганын катуу сындаганы али эсимде. Менин баамымда, Бакиев мырза да ошол эле капканга түшкөн.

Путин ошондой эле Кыргызстанда болуп жаткан окуялар өлкөнүн ички иши экенине көңүл буруп, бийликти жана оппозицияны зобун-зордукка жол бербөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG