Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Евробиримдик Кыргызстандагы кырдаалга карата билдирүү жасады


Европа биримдигинин Тышкы саясаты боюнча баш өкүлү Катерин Эштон да Кыргызстандагы жагдайга байланыштуу билдирүү жасады:

-Кыргызстан жаңы доорго өтүүдө. Бардык тараптар Кыргызстандын биримдиги жана стабилдүүлүгү үчүн конструктивдүү өз ара сүйлөшүүгө барууга даяр болушу керек. Азыр Кыргызстан үчүн демократияны, конституциялык тартипти жана мыйзамдуулукту тез кайра орнотуу маанилүү.

Эштон айымдын береги кайрылуусун Еврокомиссиянын басма сөз өкүлү Мая Кочиянчич окуп берди.

Эштон айымдын кайрылуусунда эгер зарыл болсо, Евробримдик Кыргызстанга тез гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экени жана Биримдик эл аралык уюмдар менен чогуу жагдайды кылдат байкап турганы да белгиленет.

XS
SM
MD
LG