Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

К.Бакиев: Мен кызматымды тапшырган жокмун


"Мен кызматымды тапшырган жокмун жана тапшырбай турганымды билдирем",- деп президент Курманбек Бакиев “Эхо Москвы” үн алгысына берген маегинде билдирди. Ал убактылуу өкмөттү тааныбай тургандыгын, алардын аракетин мамлекеттик төңкөрүш катары баалай тургандыгын белгиледи. “Кичи мекенинде адамдарды топтоп, жаңы өкмөткө каршы күч колдонууга даярданып жатат, деген маалымат бар деген журналисттин суроосуна К.Бакиев “Мени эл шайлаган. Мен өз элиме ок атпайм”, деп жооп берди.
7-апрелде азыркы бийликке нааразы болуп аянтка чыккан элге ок атылып, андан 75 адам каза болуп, бир жарым миңдей адам жаракат алган.
Айрым саясат талдоочулар бейкүнөө адамдардын каны төгүлгөнүнөн улам президент Курманбек Бакиев кызматта калышына моралдык укугу жок дешип, аны жазага тартуу керектигин айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG