Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:20

“Кабар” агенттиги талашка түшүп жатат


Ушул тапта аталган агенттиктин алдына 20-30 киши чогулуп, жаңы жетекчинин кетишин талап кылып жатышканын агенттиктин кабарчылары “Азаттыкка” билдиришти. Алардын айтуусунда чогулгандар Айбек Султангазиевди мурда И. Чудиновго басма сөз катчысы болуп иштегени үчүн “Кабар” агенттигин жетектөөгө акысы жок деп кыйкырып жатышат.
Кечээ “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Нарын Идиновдун ордуна белгисиз себептер менен журналист Айбек Султангазиев отурган эле.
Бүгүн түштөн кийин агенттиктин жамааты каршылык көрсөтүп, кайрадан Нарын Идиновду жетекчи кылып алышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG