Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында президент К. Бакиев менен убактылуу өкмөттүн ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатат. 8-апрель күнү Ошто түзүлгөн координациялык кеңештин макулдугу менен Мелис Мырзакматов сүйлөшүүдө ортомчулук милдет аткарууда. Анын айтуусунда К. Бакиев элге каршы курал колдонулбасын, карама-каршылыктар болбосун, маселени тынч жол менен чечүүгө ниети бардыгын билдирген. М. Мырзакматов журналисттерге президенттин так жайгашкан жерин билбей турганын, аны менен телефон аркылуу гана байланышып жатканын маалымдады.(ZKo)