Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Жаштар: Абалды колго алуу зарыл


Бүгүн Кыргызстандын мекенчил жаштары, "Жаш ишкерлер ассоциациясы", "Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фонду утурумдук өкмөткө, калкка кайрылуу таратты. Анда өлкө мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунуч алдында турганын, ошондуктан бийлик башындагылар учурдагы абалды жөнгө салууга болгон аракетин жумшоосу зарыл экени айтылат. Ошондой эле жалпы эл бирикмейинче оор кырдаалдан чыгып кетүү мүмкүн эместиги, андыктан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып аракет көрүү зарылдыгы айтылат. Мындан тышкары жаштар талап-тоноочулукка катышкандардан элдин оокатын кайра кайтарып берүүсүн өтүнгөн. (AiJu)

XS
SM
MD
LG