Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Укук коргоочулар кеңеши учурдагы абалга тынчсызданууда


Укук коргоочулар кеңеши бүгүн утурумдук өкмөттү бийликти басып алуудан баш тартууга чакырган кайрылуу таратты. Анда буга чейин иштеп келген мамлекеттик жогорку кызматтагылар кайра өз ордуна келүүсү зарыл экени, ал эми 7-апрелдеги кандуу окуяга тиешеси бар аткаминерлер мыйзамга ылайык жазага тартылышы керектиги айтылат. Убактылуу өкмөттүн Прокуратура, Каржы полициясы өңдүү мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөөсү баш мыйзамга туура келбейт, бул тескерисинче коррупция, менчик бөлүштүрүүгө алып келиши мүмкүндүгү белгиленет. Укук коргоочулар убактылуу өкмөттөн өлкөдөгү тополоң, талап-тоноочулукту токтотуу үчүн тез арада аракет көрүүсүн өтүнгөн.(AiJu)

XS
SM
MD
LG