Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Утурумдук өкмөт: К.Бакиев жарандык согуш баштоону көздөйт


Утурумдук өкмөт бүгүн билдирүү таратып, президент Курманбек Бакиев аймактар аралык тирешүүгө жана жарандык согушка жол ачып аткан аракеттерди көрүп жатканын жарыялады. Билдирүүдө К.Бакиев туштүктө адамдарга акча жана курал таратып мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү топтоого аракет көрүп жатканы айтылат. Ошондой эле билдирүүдө президент 7-апрелдеги окуядагы кандын төгүлүшүнө оппозицияны күнөөлөп атканы, андыктан бул окуяга анын түздөн-түз тиешеси бар экенин аныктоо үчүн эл аралык комиссия чакырылаары көрсөтүлгөн. “К.Бакиев болуп өткөн окуяга тиешеси бар экенин моюнга алган күндө гана аны менен сүйлөшүүлөр болот. Биз анын коопсуздугуна кепилдик бере алабыз,”-деп жазылат билдирүүдө.

Кечээ К.Бакиев “Москва жаңырыгы” үналгысына маек куруп, 7-апрелдеги кандуу окуяга оппозиция күнөөлүү экенидигин айткан. (AiJu)

XS
SM
MD
LG