Бүгүн утурумдук өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева Европанын Коопсуздук жана Кызматташуу уюмунун өкүлдөрү менен жолукту. Алар: Казакстан парламентинин вице-спикери Жаныбек Карибжанов, ЕККУнун чыр-чатактарды чечүү боюнча борборунун жетекчиси Херберт Зальбер. Жаңы жылдан тарта ЕККУда төрагалык кылуу милдети Казакстанга өткөн.
Жолугушуу учурунда тараптар өлкөдөгү кырдаал тууралуу сүйлөштү. Р.Отунбаева убактылуу өкмөт эл аралык коомчулуктан 7-апрелдеги кандуу окуяны дыкат иликтөө боюнча эл аралык комиссия түзүүнү суранып атканын билдирди. Ошондой эле президент Курманбек Бакиевдин керт башынын коопсуздугу толугу менен камсыз кылынаары айтылды. Өз кезегинде ЕККУ өкүлдөрү аталган уюм мындан ары дагы Кыргызстанга укуктук колдоо көрсөтө бере турганын айтты.
ЕККУнун өкүлдөрү аталган уюмдун атайын чабармандары катары Бишкекке бүгүн келишкен. (AiJu)