Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

7-8-апрелдеги окуядан дагы эки киши каза тапты


Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова кабарлады. Анын айтымында, 45 адам реанимацияда жатса, анын бешөө өтө оор абалда. “Ушул тапта өлүкканага жеткирилген жети адам дале болсо таанылбай жатат. Алардын сүрөттөрү гезит, телеканалдар аркылуу көрсөтүлүүдө. Ал эми дагы сегиз кишинин ким экени аныкталганы менен туугандары алып кете элек”, - дейт Е.Баялинова. Маалыматка ылайык 7-8-апрелде 11 медицина кызматкери, тез жардамдын 4 айдоочусу жабыркаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG