Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Кытайдагы кыргыз студенттери да аза күтүп жатышат


Кытайдын Ланчжоу шаарында окуган кыргыз студенттери да 7-апрелдеги массалык каршылык акцияларында каза болгондор үчүн аза күтүп жатканын "Азаттыкка" Азамат Беркеев кабарлады.

"Ата мекенибизде болүп жаткан окүяларга биринчи күндөрдөн тарта бардыгынан кабардар болүп келебиз. 7-апрелде болгон окүя бүткүл дүйнө элинин көңүлүн бурду. Бул күн улуу тарыхтын барагынан орун алып ошону менен бирге жетимиштен ашуун эр-жигиттерибиздин өмүрүн кошо ала кетти. Мекендин жаркын келечеги, жыргал турмушу үчүн Бакиев бийлиги менен күрөшүп кыргыз эли үчүн курман болгондордүн үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы Кыргыз элине Кытайдын Ланжоу шаарында окүп билим алып жаткан жалпы кыргыз стүденттеринин атынан терен кайгыруу менен көңүл айтабыз",-деп айтылат биздин дарекке келип түшкөн катта.

XS
SM
MD
LG