Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Ысык-көлдө бир дагы талап-тоноо болгон жок


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Ысык-Көл облусу боюнча Убактылуу өкмөттүн Координациялык кеңешинин мүчөсү Мурзабек Исаков билдирди. Буга чейин 7-апрель түнү Ысык-Көл облусундагы пансионаттар, эс алуу үйлөрү талап-тонолуп атканы тууралуу ар кандай такталбаган маалыматтар тараган болчу. М.Исаковдун айтымында, 7-8-апрелде көл жээгиндеги бир катар пансионаттарды талап-тоноо аракеттери жасалган. Бирок жергиликтүү милициянын жана кыймылсыз мүлк ээлеринин күзөт кызматтарынын күчү менен андай аракеттер өз убактысында токтотулган. Ысык-Көл боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн айтымында, ушул тапта көл өрөөнүндө абал тынч жана Убактылуу өкмөт кырдаалды толук көзөмөлдөп турат. (IJz)

XS
SM
MD
LG