Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:13

Э. Ибраимова: Жарандык согуш чыгуу коркунучу жок


Убактылуу өкмөттүн социалдык тармак боюнча координатору Элмира Ибраимова бүгүн биринчи жолу журналисттерге чыгып, саламаттык сактоо, билим берүү чөйрөсүндө жаңы бийлик чечип жаткан маселелер жөнүндө маалымат берди. Ал президент К. Бакиевдин Жалал-Абад областында экенин ырастап, анын өзү же өкүлдөрү менен убактылуу өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатпагандыгын билдирди. Э. Ибраимова ошондой эле өлкөдө жарандык согуш тутанышы коркунучу жок деген оюн айтты. Анткени, анын жүйөөсүндө, өз элине ок аткан президентти акыл-эси бар жарандар колдобойт. (KC)

XS
SM
MD
LG