Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин жана президент Дмитрий Медведев Орусиянын Смоленск шаарында кыйроого учураган учактын кыйрашы толугу менен иликтенет деп сөз беришти. Ичинде 96 киши болгон учак Смоленск аба бекетине конуп келатканда, туманда бактарды көрбөй калып кыйроого учурады. Президент Лех Качинский, анын аялы, Польша армиясынын башкы штабынын жетекчиси, тышкы иштер министринин орун басары, Улуттук банктын төрагасы жана башка жетекчилер менен Хатындагы эскерүүгө бараткан. Хатында 70 жыл мурда сталиндик КГБ тарабынан 22 миңге чукул польшалык офицерлер жана интеллигенция өкүлдөрү тымызын өлтүрүлгөн эле.