Кыргызстандын убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Алмазбек Атамбаев Москвага барып, Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен жолугушуп келди. Сүйлөшүүлөрдө орус тарап Кыргызстанга гуманитардык-экономикалык багытта жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирген. Москва сапары боюнча убактылуу өкмөт өкүлдөрү жакын арада маалымат жыйынын өткөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)