АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфеллер Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча билдирүү таратты. Анда элчи айым бул окуяларга дыкат байкоо салып турганын, АКШ өкмөтү Кыргызстандын экономикалык, демократиялык өнүгүшүнө колдоо көрсөтө берерине ишене турганын айтты. Учурда убактылуу өкмөт менен иштеп жатышканын, жакынкы күндөрү өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу пландаштырылганын баса белгиледи. АКШ өкмөтү жакында гуманитардык жардамдарынын көлөмүн көбөйтөт, дейт Т. Гфеллер. Кыргызстанга экономикалык-гуманитардык көмөк көрсөтүүгө даяр экенин буга чейин Орусия да билдирди. (EBM)