Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Ошто жетекчилерди күч менен алмаштыруу күчөдү


Ош шаарынын айрым тургундарынын “Азаттыкка” билдиришинче, түштүк башкалаасындагы айрым мекемелердин жетекчилерин белгисиз топтор убактылуу Өкмөттүн атына жамынып, күч менен алмаштырууда. Бирок аларга жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлбөй жатат. Ош шаары мэри Мелисбек Мырзакматов мындай окуяларды ырастады. Анын белгилешинче, майлуу орундарды талашып, а түгүл басып алууга ынтызарлар аз эмес. Ошентсе да, бир дагы мекемеде жаңы кадрдык дайындоолор боло элек. Калаада жана облуста таза эмес иштеген жетекчилер өздөрү кызматтарын таштап кетишүүдө, алардын милдеттерин орун басарлары убактылуу аткарууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG