Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Суданда 24 жылдан бери биринчи жолу көп партиялуу шайлоо өтүп жатат


Африканын эң ири мамлекетинде шайлоо үч күн өтүп, өлкөнүн президенти, парламент, жарым автономиялуу түндүктүн жетекчиси, жергиликтүү кеңештер жана администрация башчылары шайланууга тийиш. Шайлоого даярдыктын мезгилинде мыйзам бузуулар көп болду деп нааразы болгон оппозициячыл талапкерлердин дээрлик бардыгы шайлоого катышуудан баш тарткан. Ошондон кийин, Суданды 1989-жылдан бери башкарып келаткан президент Омар ал-Бешир дагы төрт жылга шайланаары анык болуп калды. Беширди Эл аралык Кылмыш соту Дарфур аймагындагы согуш кылмыштары үчүн айыптап, ага каршы кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG