Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Убактылуу өкмөт К. Бакиевди камоо сунушун бекиткен жок


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы, убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Курманбек Бакиевди кармоо тууралуу сунуш айтканын, бирок ал бекитиле электигин билдирди. Анын айтымында, бул өкмөт Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүгө барбайт. Мындан мурдарак К. Бакиевди камакка алуу караштырылып жатканы тууралуу маалымат чыккан. Президент К. Бакиев орусиялык маалымат каражаттарына берген маегинде кызматтан кетпей турганын, бирок оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. 7-апрелде Бишкектеги кандуу кагылышта К. Бакиев өлкөнүн түштүгүнө качууга аргасыз болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG