Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

К.Бакиев: Ок ат деп буйрук берген эмесмин


Президент Курманбек Бакиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда элге окту бийлик эмес, оппозиция атты, ал эми бийлик өкүлдөрү демонстранттарды сестентүү үчүн асманга аткан деп билдирди. Ушул эле күнү “Азаттыкка” берген интервьюсунда утурумдук өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев Курманбек Бакиев азыр өзүн актоо үчүн каалаганын айтат деп, кимди ким атканын тарых жана ок атууну көргөн эл таразалайт, бул окуяны массалык маалымат каражаттары толук чагылдырды деди.

7-апрель ыңкылабынын учурунда өкмөт үйүнүн алдында 80ден ашык кыргызстандык окко учту. Демонстрация катышуучуларынын жана байкоочулардын маалыматтарына караганда аларга каршы ок өкмөт үйүнүн үстүнөн снайперлер жана жерден автоматчылар аткандыгын айтып атышат.(BuS)

XS
SM
MD
LG