Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

А.Атамбаев: Орусиянын өкмөтү Кыргызстанга колдоо көрсөтөт


Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев Москвага барып Орусиянын өкмөтүнүн жетекчилиги менен жолугушуп экономикалык бир катар маселелерди чечип келгенин бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Орусия мурда берген 150 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү гранттан көбүрөөк суммадагы грант берүүгө макул болуп, күйүүчү май менен үзгүлтүксүз мурдагы баасында камсыз кылып турат.
А.Атамбаев бул маселелер боюнча 14-апрелде Темир Сариев башында турган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн турган делегация Орусияга барарын белгиледи.
Ал ошондой эле Бажы кызматына Кубанычбек Кулматов дайындалганын, Бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражат эми эки эсе көп түшөрүн, Энергетика министри болуп Осмонбек Арыкбаев дайындалганын маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG