Бүгүн убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морел менен жолугушту.
Анда Европа Биримдиги Кыргызстанда билим берүү жагынан жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева маалымат жыйынында кабарлады. Р.Отунбаева ЕККУ, БУУ, Казакстан Кыргызстанга жардам берүүгө ниеттенип жатканын белгиледи. Ал ошондой эле акыркы эки күндө өлкөдө туруктуулук орноп келатканын, К.Бакиевди кармоо маселесин кан төгүүсүз чечүүгө аракет кылып жатышканын, буга эл аралык уюмдардын дагы кийлигишүүсү мүмкүн экенин айтты.
Ушул эле күнү К.Бакиев “Азаттыкка” берген маегинде азыркы убактылуу өкмөттү мыйзамсыз деп эсептеди. (AJ)