Бул тууралуу Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Марат Бакиевге, Жаныш Бакиевге, Мурат Суталиновго, Бактыбек Калыевге издөө расмий жарыяланды.
Аларга сыртынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары Данияр Дунганов кармалып, учурда көрсөтмө берип жатканын, Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратын кайра калыбына келтирүүгө болбостугун белгиледи. (AJ)