Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Рахматулла Ахмедов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 7-апрелден бери өлкөдө ири ишкана-компанияларды басып алуу боюнча фактылар катталып жатат. Аны иликтеп изилдөө үчүн атайын топ түзүлдү. Р. Ахмедов уюлдук “Мегаком” ири компаниясын белгисиз куралчан адамдар басып алды деген факт да такталып жатканын билдирди. Мындан мурдарак Бишкектеги 5-телекананалды басып апды деген маалымат тараган. Аталган телеканалдын атын атагысы келбеген кабарчылары жумушта азыр түшүнүксүз абал болуп турганын “Азаттыкка” билдиришти. (EBM)